Министр Ж.Кулубаев «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» Стратегиялык диалогу форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышат

84

2024-жылдын 14-15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» Стратегиялык диалогу форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен барат.

Жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери бар.

Тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Биринчи саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карашат.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы саясий мекемесинин башчысы Ж.Кулубаев бир катар Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн жолугушууларын өткөрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK