МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев: Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ар дайым ачык

140

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкы тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында акылдуу билим берүүнү (SmartEd) каржылоо демилгелерине арналган Араб координациялык тобунун форумунда сөз сүйлөдү.

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен да, Араб координациялык тобунун бардык фонддору менен да кызматташууда көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

«2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча дүйнөнүн 166 өлкөсүнүн ичинен 45-орунга чыгып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп саналат», - деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле бул форумда туруктуу өнүктүрүү максаттарынын №4 «Сапаттуу билим берүү» индикаторлорун жакшыртуу Кыргызстандын 2030-жылга чейинки ишинин негизги багыттарынын бири катары аныкталганын, бул өз кезегинде Туруктуу өнүгүүнүн башка көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн мультипликативдик эффект берээрин кошумчалады. 

«Учурда биздин Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын казык» программасын иштеп чыкты.  Бул программа 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, STEM предметтери боюнча мыкты окуу китептерин алуу, билим берүүнү санариптик трансформациялоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну санариптик колдоо, билим берүү тармагындагы башкаруу процесстерин санариптештирүү кирет», - деди Төраганын биринчи орун басары. Аны ишке ашыруу балдардын жана жаштардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртаарын, ошондой эле жаш муундун эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздай турганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Кыргызстан билим берүү тармагында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ар дайым ачык экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чара Ислам өнүктүрүү банкынын президенти, ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб экономикасын өнүктүрүү фонду, ОПЕК өнүктүрүү фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду жана башка адистештирилген фонддор кирген Араб координациялык тобунун фонд жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK