Минкаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин Эр-Риядга жумушчу сапары: бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди

158

Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдуррахман бин Абдулмохсен Аль- Фадли менен жолугушту.    

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдарда өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун олуттуу активдешүүсүн, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды орнотуу аракеттерин белгилешти. 

Мындан тышкары, тараптар жакын арада Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын күн тартибин талкуулап, эки өлкөнүн жумушчу топторуна ӨАК алкагында талкуулоого пландаштырылган маселелер боюнча дыкат жана так иштөөнү тапшырышты.  

Тараптар ошондой эле Бишкек-Жидда жана Жидда-Ош багыттары боюнча ачылган аба каттамдарын канааттануу менен талкуулашты. Бул маселени макулдашуу жана андан ары иштеп чыгуу ӨАК ишинин алкагында болгонун жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышы “эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын эффективдүү ишинин далили” болгонун белгилешти.  

Жумушчу сапарынын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Acwa Power компаниясынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы Мухаммад Абдулла Абунаян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча пикир алмашуу болду.  

Кыргыз делегациясынын башчысы Саудиянын алдыңкы иштеп чыгуучусу, инвестору жана электр станцияларынын оператору Acwa Power менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, энергетика, кайра жаралуучу энергия жана суу ресурстары тармагындагы Кыргыз Республикасынын артыкчылыктары тууралуу айтып берди. 

Өз кезегинде компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп, компаниянын Борбор Азия аймагына инвестиция салууга умтулуусун билдирди жана компаниянын портфели негизинен энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлордон турат деп кошумчалады.  

Кыргыз тарап Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору тууралуу айтып, Acwa Power компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Мухаммад Абдулла Абунаянды Кыргызстан тарабынан июнь айынын башында Венада (Австрия Республикасы) гидроэлектростанцияларды курууга финансылык ресурстарды мобилизациялоо боюнча эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.   

Белгилей кетсек Минкаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин Эр-Риядга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасирдин Кыргызстанга биринчи сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK