Элчи У.Марипов Сауд Арабиясынын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынын (SFDA) директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары жана аткаруучу директору доктор Хишам бин Саад Аль-Жадхи менен жолугушуу өткөрдү

173

2024-жылдын 14-майында КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд Арабиясынын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынын (SFDA) директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары жана аткаруучу директору доктор Хишам бин Саад Аль-Жадхи менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы азык-түлүк жана фармацевтикалык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Элчи У.Марипов эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин акыркы жылдардагы өнүгүүсүндөгү жагымдуу динамикасына токтолуп, тамак-аш коопсуздугу боюнча улуттук органдардын маанилүү ролун белгиледи.

Ушуга байланыштуу Кыргызстан Сауд Арабиясынын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы менен Кыргызстандан Падышалыкка товарларды экспорттоону илгерилетүү максатында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экени баса белгиледи.

КР Элчиси У.Марипов ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукциялары жөнүндө кеңири айтып берип, Кыргызстандын эт, бал жана башка тамак-аш продуктыларын Сауд Арабиясынын рыногуна жеткирүүнү уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде доктор Хишам бин Саад Аль-Жадхи Элчиге жолугушуу жана кызматташууну активдештирүү боюнча айтылган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын Элчисин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана САПта тамак-аш жана дары-дармектин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эффективдүү контролдоо жаатындагы SFDAнын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, , Сауд тарап Кыргызстан менен кызматташууга жана кыргыз продукциясын Сауд Аравиясына экспорттоо маселесин илгерилетүү боюнча Элчиликке көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Элчи У.Марпиов жана SFDAнын башчысы Хишам Аль-Жадхи Башкармалык менен өндүрүлгөн продукциянын сапатын көзөмөлдөө жаатында эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен Иш планын даярдоону макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK