Элчиси А.К.Жумабаев Азам Бин Абдулкареем Аль-Гейн мырза менен жолугушту
2018-жылдын 06-ноябырында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.К.Жумабаев Сауд Араб Падышачылыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Азам Бин Абдулкареем Аль-Гейн мырза менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгын мындан ары активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин анын ичинде Эр-Рияд шаарындагы Дипломатиялык шаарчасынын аймагында курулуп жаткан Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жаңы имараты, жакынкы айларда толук камдуу ишке киргизишин талкуулашты.