Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан бир катар балдар уюмдарына каржылык жардам көрсөтүлдү

4455

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекет башчысынын резервдик фондунан оор турмуштук абалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген бир катар коммерциялык эмес уюмдарга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүндү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020- жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жергиликтүү деңгээлде кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо системасын кеңейтүү каралган.

 

Оор турмуштук абалга кабылган  балдарга билим берүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн ондогон балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сом суммасында колдоо көрсөтүлдү.

  1. »Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору» мекемеси;
  2. »Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси;
  3. »Тянь-Шань балдары» коомдук бирикмеси;
  4. »Благодать» коомдук фонду;
  5. »Жылмаюу» коомдук фонду;
  6. »Эне бала мээрими» коомдук фонду;
  7. »Теңир Колдо» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;
  8. »Ай-Мээри» коомдук бирикмеси;
  9. »Ариет» мектепке чейинки (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар) атайын билим берүү уюму;
  10. »Стимул» маалыматтык-кеңеш берүү жана демонстрация борбору» коомдук фонду.

2020-жыл 1-июнь

http://www.president.kg/ru/sobytiya/16800_prezidentom_sooronbaem_gheenbekovim_okazana_finansovaya_podderghka_ryadu_detskih_organizaciy

twitter sharing button

vk sharing button

odnoklassniki sharing button

whatsapp sharing button

print sharing button

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK