Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Мээрим” теледолбоорунун катышуучуларына - ата-энесинен ажыраган балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектер тапшырылды

3688

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан бардык аймактардан Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Мээрим» теледолбооруна катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды.

Мамлекет башчысынын атынан ноутбук түрүндөгү белектерди өлкө региондорунун жетекчилери тапшырышты.

«Мээрим» теледолбоорунун дагы беш катышуучусуна белектерди Президент Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырат, алар бүгүн Мамлекет башчысы менен жолугушууга чакырылган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жетим балдарды, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган.

http://www.president.kg/kg/okujalar/16802_el_aralik_baldardi_korgoo_knn_karata_meerim_teledolboorunun_katishuuchularina___ata_enesinen_aghiragan_baldarga_kirgiz_respublikasinin_prezidentinin_atinan_belekter_tapshirildi

  • Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Мээрим” теледолбоорунун катышуучуларына - ата-энесинен ажыраган балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектер тапшырылды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK