КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ МЕНЕН!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Элчилигинин жалпы жамаатынын атынан 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрам Кыргызстаныбызга тынчтыкты, гүлдөп өнүгүүнү, ал эми элибизге ден-соолукту, ыймандыкты, биримдикти жана токчулукту алып келсин!
Кыргызстаныбызда өз эне тилибиз, каада салттарыбыз, кооз ыйык жерлерибиз урпактарыбызга сакталып, эркин желегибиз ар дайым көз карандысыз өлкөбуздө желбирешин каалаймын!
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздерге, сиздердин уй-бүлөңүздөргө чын ден-соолук, бакыт-таалай, иштериңиздерге жана окууларыңыздарга албан албан ийгиликтерди каалайм!
Урматтоо менен,
КРнын САПгы
Убактылуу ишенимдүү өкүлү Т.Турганбаев
жана Элчиликтин жалпы жамааты