Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилигинин консулдук аймагында жүрүшкөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшере алышат.

3664

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилигинин консулдук аймагында жүрүшкөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшере алышат.

Азыркы этапта Сауд Арабия Падышачылыгында жүргөн же жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилигинде (№ 9045 УШК) шайлоо участогун бекитти.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Ал эми добуш берүүчү күнү Сауд Арабия Падышачылыгында жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти шайлоого чейин 15 календарлык күн калгандан (29-декабрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан.

Эгер ката табылса, так эместик кетсе же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (29-декабрга чейин) шайлоо комиссиясынын участогуна № 2 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин берилет.

Шайлочунун арызына тиешелүү шайлоо комиссиясынын жообу арызды кагаз же электрондук кабар катары кабыл алгандан 7 календарлык күн аралыгында, шайлоочу арызында көрсөткөн дарек, анын ичинде электрондук дарекке да жөнөтүлөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Биометрикалык каттоодон өтүү Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилигинде жүргүзүлөт.

Тизмелер шайлоо ортосундагы аралыкта ай сайын, ал эми шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат.

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK