Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын январь-март айында Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы товаржүгүртүү 7,92 млн АКШ долларын түздү (экспорт 220 миң импорт 7,7 млн АКШ доллары). Салыштыруу үчүн, 2021-жылдын январь-март айларында товар жүгүртүү 5,89 млн АКШ долларын түздү (экспорт 60 миң импорт 5,83 млн АКШ доллары). Салыштырсак, товар жүгүртүүнүн 2,03 миллион АКШ долларына, ошондой эле экспорттун 160 миң долларга өскөндүгү байкалууда.

Кыргызстандын товарларын Япония рыногуна экспорттоо тууралуу:

Элчиликтин активдүү жардамы менен Японияга бал экспортунун көлөмү жыл сайын көбөйүүдө, бул багытта реалдуу жыйынтыктар бар жана өсүү тенденциясы байкалууда. Ата мекендик продукцияны жана товарларды чет мамлекеттерге экспотто масатында 2021-жылы Японияга 43,4 тонна 25,390 млн. сомго кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна).

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралар:

2022-жылдын 9-февралында “Борбордук Азия – Виртуалдык ЭКСПО 2 (CAVEX2)” онлайн көргөзмөсүнүн алкагында бизнес-вебинар өттү.

“Борбордук Азия – Виртуалдык ЭКСПО 2 (CAVEX2)” онлайн платформасында Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы, ошондой эле Улай-стиль, Ассоциации «Дордой», Фармахим-К, ЭкоФлорис, Dolon System, Паседена Мода, Джапан стайл,Unique Technologies, ITMC Tien-Shan, ОФ Спасение в горах, КР Альпинистский клуб, Жогорку технологиялар Паркы, Аман-Гринфуд, Алыш-дан органик, I DO MARKETING компаниялары тууралуу маалымат берилди.

Бизнес вебинар үч сессиядан турду:

 1) Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы жана инвестициялык климаты;

 2) Жумуш менен камсыз кылуу, адам ресурстарын өнүктүрүү жана IT чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү;

3) Айыл чарба, тамак-аш жана текстиль өнөр жай тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз тараптан министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү энергетика, айыл чарба, геология жана жер казынасын пайдалануу, туризм жана жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызматташуунун потенциалы тууралуу баяндамалар жасашты. Жеке сектордон, ишканалардан жана уюмдардан Джапан стайл, Жогорку Технологиялар Паркы, Unique Technologies, Kanda Software, Аман-Гринфуд, Алыш-Дан Органик, ЭкоФлорис, Tokyo rope сөз сүйлөштү.