Токио шаарында Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата «Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү» атындагы концерт-ток-шоу өттү

1204

2022-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги Япониянынмаданият иштери боюнча агенттиги жана «Min-on» концерттик уюму менен биргеликтеКыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата «Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү» атындагы концерт-ток-шоуөткөрдү. Иш-чара Минато (Токио) шаарындагы Акасака коомдук борборунда өттү.

Түшкү балдар программасында катышуучуларга Кыргызстан жөнүндө презентация жана салттуу бийлер менен улуттук музыкалык аспаптарда концерт тартууланды. Эң жаш жана активдүү катышуучулар «Беш ыргай» кыргыз бийин аткарууга өз аракеттерин сынап көрүштү.

Кечки программада Цукуба Университетинин профессору Тосинобу Усуяма мырза Токиомузыка Университетинин окутуучусу Калыйман Уметбаева айым жана Кыргыз-Япон маданий алмашуу ассоциациясынын төрагасы Лео Тадагава мырза менен маданий алмашуу болду.

Кечки иш-чаранын башында Элчиликтин кеңешчиси Эркин Атабеков мырза, Япониянынмаданият иштери боюнча агенттиктин директору Хирохико Накахара мырза, ошондой эле «Min-on» концерттик уюму президенти Казуто Ито мырза саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Ток-Шоунун аягында Калыйман Уметбаева (Комуз), Харука Хаякава (Комуз), Масаси Като (Комуз), Лео Тадагава (ооз комуз), Томоко Мицуиси (Кото) жана Руи Ямото (Кыргыз бийи) аткарган концерти өттү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.

  • Токио шаарында Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата «Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү» атындагы концерт-ток-шоу өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK