Элчи Мирлан Арстанбаев Австралиянын Генерал-губернатору Дэвид Херли мырзага ишеним грамоталарын тапшырды

1841

2021-ж. 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Австралия Шериктештигиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Токио шаарында жайгашкан) М.Арстанбаев Австралия Шериктештигинин Улуу Мартабалуу Генерал-Губернатору Дэвид Херли мырзага ишеним грамоталарын тапшырды.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин жүрүшүндө тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өлкөлөрдүн бири-бирин колдоосун белгилеп, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин баса белгилешти.

Улуу Мартабалуу Генерал-губернатор М.Арстанбаевди Кыргыз Республикасынын Австралия Шериктештигинде Элчисинин кызматына киришүү менен куттуктап, чек аралар ачылгандан кийин Австралияга келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Элчи М.Арстанбаев эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшаарына ишендирди.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи видео шилтеме аркылуу онлайн режиминде өттү.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK