Кыргыз Республикасынын «Манас-аэропорт» Чек ара кызматы өткөрүү пунктуна келгенде, жашы жете элек балдары бар Кыргыз Республикасынын айрым жарандарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн жарактуу документтери жок/толук эмес экендиги тууралуу маанилүү билдирүү

1810

Кыргыз Республикасынын «Манас-аэропорт» Чек ара кызматы өткөрүү пунктуна келгенде, жашы жете элек балдары бар Кыргыз Республикасынын айрым жарандарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн жарактуу документтери жок/толук эмес экендигин билдирет.

Паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө бул жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген жол жүрүү документтерин көрсөтүшөт.

Белгиленгендей, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана жол жүрүү документтери толугу менен чет тилинде берилүүдө. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине (жарандык бөлүмү) маалыматты жөнөткөн учурда, жогоруда көрсөтүлгөн документтерди мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүү менен которууда көйгөйлөр жаралууда (белгилүү убакытты талап кылат) .

Жашы жете элек балдардын (ымыркайлар жана оорулуу балдар) Эл аралык «Манас» аэропортунун стерилденген зонасында узак убакытка болушун четтетүү үчүн, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген чек арадан өтүү үчүн жарактуу документтерди расмий котормосу менен алдын ала пландаштырып келүүсүн өтүнөт.

Мисалы: Сиздин балаңызда Кыргыз Республикасынын паспорту жана чет мамлекет тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар. Бул учурда чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында туулгандыгы тууралуу күбөлүктү апостиль кылып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которушуңуз керек. Котормо нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK