Кыргызстандын жарандары Япониядан Бишкекке кайтып келишти

3612

COVID-19 жайылышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушу менен, 2020-жылдын 15-июлунда Япониядан Кыргыз Республикасына 3 жаран кайтып келишти.

Токиодон Стамбул шаарына туруктуу рейстер менен келген биздин жарандарыбыз, андан кийин «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын бортунда «Манас» эл аралык аэропортуна келишти.

Жалпысынан бул рейс менен Малайзиядан, Түндүк Кипрден, Япониядан, Франциядан, Швейцариядан, Украинадан, АКШдан, Германиядан, Вьетнамдан, Бельгиядан, Швециядан, Чехиядан, Корея Республикасынан, Болгариядан, Австриядан, Испаниядан жана Грузиядан 330 Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкекке кайтып келишти.

Япония, Филиппин, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы кыргыз жарандарынын Мекенине кайтып келүү жолдорун издөө боюнча иштер улантылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK