ОшМУ жана Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы менен онлайн жолугушуу

1135

2022-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин жардамы менен ОшМУ жана Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы менен биринчи онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси М.Арстанбаев, ОшМУнун ректору К.Кожобеков, Medical Excellence Japan компаниясын аткаруучу директору Минору Акияма, аткаруучу директору Чиаки Миеши жана Medical Excellence Japan компаниясын өкүлдөрү катышышты. 

Жолугушууда тараптар билим берүү жана медицина тармагындагы абал боюнча пикир алмашып, мындан аркы кызматташууну тереңдетүү боюнча пландарды белгилешти.

Тактап айтканда, ОшМУнун ректору К.Кожобеков чет мамлекеттик жана ички медицина кызматкерлерин тартуу менен эл аралык стандарттуу клиниканы түзүү боюнча университеттин планын белгиледи. Бул долбоор жарандарды заманбап медициналык кызматтар менен камсыздоо, ошондой эле университеттин клиникалык база катары болуп калат.

Medical Excellence Japan компаниянын өкүлдөрү бул долбоорго кызыгуусун жана бул долбоорду ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жумушчу топ түзүп жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу чечим кабыл алышты.

Маалымат үчүн: Medical Excellence Japan 2011-жылы Япония өкмөтүнүн көмөгү менен түзүлгөн жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болуп саналат. Medical Excellence JapanЯпониянын медициналык кызматтарын илгерилетет, ошондой эле чет элдик дарыгерлерге япон медицинасына мүмкүндүк алуу түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK