Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, китепке тиешелүү жазууларды калтырышты

1965

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү  күнү деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинде  жана  Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлдү жана көңүл айтуу китепчелери ачылды.
Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, китепке тиешелүү жазууларды калтырышты.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жамааты кагылышуудан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кыргыз Республиканын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана жамааты бир күндүк эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алышты, ошондой эле Министрликтин кызматкерлери тарабынан финансылык жардам топтоо уюштурулду жана  Баткен облусунун жабыркаган тургундарын колдоо үчүн гуманитардык жүк жиберүү пландалууда.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK