Элчи М.Е. Арстанбаев «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушту

4793

2019-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Е. Арстанбаев «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» корпорациясынын башкармалыгынын Төрагасы Шигето Танака мырза жана анын Кыргызстандагы «Tokyo Rope Construction and Mining» деп аталган туунду компаниясынын башкы директору Шинджи Асаи мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» корпорациясы жана «Tokyo Rope Construction and Mining» компаниясы менен кызматташуунун учурдагы абалы жана перспективасы талкууланды. Тараптар бүгүнкү күнгө чейинки кызматташуунун ийгиликтүү жүрүп келгенин, анын жыйынтыгында Корпорация Кыргызстандын рыногуна кирүү чечимин кабыл алганын, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жана биргеликте жаӊы демилгелерди иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK