Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, Япониянын Либерал-демократиялык партиясынын Башкы катчысы Т.Никай менен жолугушуусу болуп өттү

4841

2019-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, Япониянын Либерал-демократиялык партиясынын Башкы катчысы   Тошихиро Никай менен  жолугушту.

Маектин жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков Кыргызстандын региондорунун биринин Т.Никайдын шайлоо округу менен достук мамилелерин түзүүнү сунуш кылды. .

Тараптар Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын Японияга импорттоо жол-жобосун жеңилдетүү маселесин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында гидроэнергетиканы өнүктүрүү тармагында кызматташуу, биргелешкен долбоорлорго инвестициялоо маселелери талкууланды.  

Маалымкат: Либерал-демократиялык партия Япониядагы башкаруучу партия (ЯЛДП) болуп саналат. Ага Өкүлдөр Палатасында 285 мандат (465 мандаттан) жана Кеңешчилердин Палатасында 113 мандат (245 тен) таандык. Мындан тышкары, ЯЛДП региондук мыйзамдык органдардын көпчүлүк бөлүгүндө мандаттардын көбүнө ээ. ЯЛДПнын мүчөлөрүнүн тизмесинде Башкы катчынын посту Президенттин кызмат ордунан кийинки экинчи орунду ээлейт, ал автоматтык түрдө Премьер-министр болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK