Япониянын Тышкы иштер министрлиги жана Япон туристтик агенттиктердин бирикмесинин (JATA) тарабынан уюштурулган «Борбор Азия+Япония» диалогунун алкагында туризм тармагындагы эксперттердин деңгээлиндеги жолугушуусу Токио шаарында өттү

4802

2020-жылдын 30-январында Япониянын Тышкы иштер министрлиги жана Япон туристтик агенттиктердин бирикмесинин (JATA) тарабынан уюштурулган «Борбор Азия+Япония» диалогунун алкагында туризм тармагындагы эксперттердин деңгээлиндеги жолугушуусу Токио шаарында өттү.

Жолугушууга Япониянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчиликтердин дипломаттары жана туризм тармагындагы эсперттери, JATA, ошондой эле япон туристтик агенттиктери катышты.

Эксперттер сүйлөгөн сөзүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туристтик потенциалы, бир катар өлкөлөргө барууну камтыган уникалдуу туристтик маршруттар, ошондой эле туристтик чөйрөнү өнүктүрүү жана алга жылдыруу боюнча региондун өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн демилгелери жана аракеттери жөнүндө маалымат беришти.

Япон тараптан япониялык чыгуучу туризм, япон туристтердин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө кенен маалымат берилген, ошондой эле туристтик инфраструктуранын, региондун өлкөлөрдүн ортосундагы аба каттамы өнүгүшүүсү сыяктуу позитивдүү өзгөрүүлөр белгиленди. Япон тарап ошондой эле туризмди өнүктүрүү үчүн бирдиктүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн туристтик виза киргизгенге мындан ары дагы тыгыз кызматташууга чакырды.

Ошондой эле жолугушуу алкагында эксперттер Япониянын туроператорлору менен кесиптик байланыштарды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK