Депутат Н.Тотонов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси С.Маэда менен жолугушту

1915

Бүгүн,  7-октябрда  Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Нурбек Тотонов Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси  Сигэки Маэда менен жолугушту.

Алгач, депутат Нурбек Тотонов Кыргызстан Япония менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды арттырууда парламенттердин ролу жогору экенин кошумчалады.

Ошондой эле Япония мамлекети Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканына токтолуп, анын ичинен маданият жана билим берүү жаатындагы байланыштар жигердүү уланып жатканын билдирди.

“Мындан ары да ийгиликтүү кызматташа беребиз деген ишеничтемин”, – деди депутат Нурбек Тотонов.  

Өз кезегинде Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда  пандемия мамлекеттер аралык  алакаларга терс таасир тийгизгенин өкүнүч менен белгилеп, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында ар тараптуу алакаларды арттырууга күч жумшай берерин кошумчалады.

Муну менен катар элчи Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу, ишкерчилик жаатта тажрыйба алмашуу, айрыкча жеке бизнес чөйрөсү менен кызматташтыкты  өнүктүрүү керектигин  билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK