Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү катары миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Нэмото Наоюкини, ошондой эле JICA кеңсесинин жаңы жетекчиси Кавамото Хироюкини кабыл алды

1064

2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү катары миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Нэмото Наоюкини, ошондой эле JICA кеңсесинин жаңы жетекчиси Кавамото Хироюкини кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана долбоорлорун илгерилетүү боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.

Министр Р.Казакбаев Япониянын JICA агенттигинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, анын жетекчилигине Япония менен долбоорлорду илгерилетүүдөгү колдоосу жана аракети үчүн, анын ичинде аларды ишке ашырууда негизги ролду JICA ойноп жатканына ыраазычылык билдирди. Кыргыз тарап JICA менен айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кадрларды даярдоо, ошондой эле социалдык чөйрөнү жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында кызматташууну андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экени баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын ТИМинин башчысы маектештердин көңүлүн санариптештирүү, жашыл экономика чөйрөсүндөгү биринчи кезекте республиканын тоолуу аймактарын жана айылдарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу аркылуу жаңы келечектүү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө бурду. Бул контекстте тараптар “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашырууда ийгиликтүү кызматташууну баса белгилешти жана Кыргызстандын бардык аймактарын камтуу менен аны мындан ары географиялык кеңейтүүгө умтула тургандыгын билдиришти.

Билим берүү тармагындагы кызматташуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, Япониянын адам ресурстарын өнүктүрүүгө, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасынын кадрдык потенциалын JDS программасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын Япониянын ЖОЖдорунда окутуу аркылуу жогорулатууга кошкон салымы белгиленди.

JICAнын өкүлдөрү кыргыз тарап менен биргелешкен ишти жана JICAнын Кыргыз Республикасындагы колдоо жана ишмердүүлүгүнүн бардык ишке ашырылып жаткан жана негизги багыттары боюнча тыгыз байланышты мындан ары улантуу ниетин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Министр Р.Казакбаев Нэмото Наоюкиге Туруктуу өкүл катары Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, өкүлчүлүктүн жаңы дайындалган жетекчиси Кавамото Хироюкиге алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK