2021-жылдын 24-декабрында «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди
2021-жылдын 24-декабрында «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен жол-жоболоштурулат:
- бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;
- бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө.