Элчи М.Е.Арстанбаевдин Кагосима префектурасына иш сапары жөнүндө

1335

2021-жылдын 22-24-декабрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Е. Арстанбаев Кагосима префектурасына иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында 2021-жылдын 22-декабрындa Элчи М.E. Арстанбаев жогоруда аталган префектуранын Ибусуки шаарынын мэри Тойодомэ Эцуо мырза менен жолугушту, ал эми 2021-жылдын 24-декабрында префектурасынын губернатору Сихота Коичи мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Тактап айтканда, кыргыз киносунун күндөрүн өткөрүү, Кыргыз Республикасынын артисттери менен танышуу жана боз үй шаарчасын түзүү пландалууда. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Элчи М.Е. Арстанбаев Япония тарабынын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, 2018-жылы Кыргыз Республикасын гемодиализ аппараттары менен камсыздоодо боюнча Кыргыз Республикасынын Кюсю шаарындагы Ардактуу консул Масахару Мизусако мырзанын ролун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы ардактуу консулу Масахару Мизусако мырзанын, ошондой эле Кыргызстан-Кагосима достук ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жардамы менен жергиликтүү бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: 2017-жылы М.Мизусако мырза Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги менен тыгыз кызматташтыкта 200 даана сакура көчөттөрүн Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирген. 2017-жылдын 4-майында Ардактуу консул М.Мизусако мырзанын катышуусунда Ысык-Көлдүн  Тамга айылдагы аскердик санаторийдин (жапондук согуш туткундары курган) Сакура бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Сакура багы кыргыз-япон достугунун символуна айланып, Япония өлкөсүнөн туристтерди тартууга жардам берет.

М.Мизусако мырзанын активдүү көмөгү менен КР Саламаттык сактоо министрлигине «Токушчукай» медициналык мекемесинен «Surdial55+» гемодиализ аппараттарын берүү долбоорун ишке ашырылды. Тактап айтканда, 2018-жылы Нарын облустук ооруканасында Гемодиализ борборунун ачылышы болгон. 2021-жылдын июль айына карата 8691ден ашык гемодиализ сеансы өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK