2022-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи У.М. М.Арстанбаев мырза Япониянын Tышкы иштер министринин парламенттик орун басары У.М. Т.Хонда мырза менен жолугушту

1362

2022-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи У.М. М.Арстанбаев мырза Япониянын Tышкы иштер министринин парламенттик орун басары У.М. Т.Хонда мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун башында У.М. Т.Хонда мырза кыргыз тарапты куттуктап Япониянын Премьер-министри У.М. Фумио Кишида мырзанын, ошондой эле Япониянын Тышкы иштер министри У.М. Ёсимаса Хаяши мырзынын атынан Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттарын тапшырып берди.

М.Арстанбаев мырза өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти У.М. Садыр Жапаров мырзанын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы У.М. Талант Мамытов мырзанын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри У.М. Руслан Казакбаев мырзанын куттуктоо каттарын тапшырып берди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүү жана юбилейдин алкагында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамиле 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. 2003-жылдын январында Бишкек шаарында Япониянын элчилиги, 2004-жылдын апрель айында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги түзүлгөн.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK