Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Коллегиясынын жыйыны өттү

1159

2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде тышкы саясий ведомствонун 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О.Кожошевдин катышуусу менен КРнын ТИМнин Коллегиясынын жыйыны өттү. 

2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, КРнын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан бекитилген Министрликтин Кризиске каршы үч планын (2020-жылдын 20-октябрынан 2022-жылдын 10-январына чейин) ишке ашыруунун жүрүшүндөгү саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү чараларды ишке ашыруу боюнча, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда, Кыргыз Республикасына гуманитардык жана техникалык жардам тартууга көмөктөшүүдө, чет өлкөлөрдө биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча КРнын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын белгиледи. 

КРнын ТИМнин өткөн мезгилдеги ишинин негизги жыйынтыктарынын бири бул саясий диалогду жана алдыңкы союздаштар жана өнөктөштөр менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүү экендигин Министр Р.А.Казакбаев баса белгиледи. 

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О.Кожошев Кыргызстандын туруктуу жана стабилдүү өнүгүшү, элдин жашоо сапатын жана деңгээлин жогорулатуу үчүн жагымдуу тышкы шарттарды түзүү, эл аралык саясий контакттарды кармоо жана өнүктүрүү, кызматташтыктын коопсуздук маселелери, тышкы экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык аспектилери боюнча байланыштарды кеңейтуу зарылдыгына басымдуу көңүл бурду. 

Жалпысынан Коллегиянын жыйынын катышуучулары тарабынан 2021-жылы КРнын ТИМнин Кризиске каршы пландарын ишке ашыруунун жүрүшүндө 1729 иш-чара, алардын арасында: 130дан ашык эң жогорку, жогорку жана жумушчу деңгээлдердеги сапарлар жана тышкы саясий иш-чаралар өткөрүлгөнү айтылды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 13 мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарлары; Кыргызстанга болгон чет элдик делегациялардын 17 сапары; ар кандай деңгээлдеги КРнын делегацияларынын чет өлкөлөргө болгон 52 сапары иштелип чыккан. 95 эки тараптуу жана 839 көп тараптуу мамлекеттер аралык да, өкмөттөр жана ведомстволор аралык да мүнөздөгү эл аралык документтер (бардыгы 934) кол коюуга даярдалган. 

КРнын ТИМнин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелерининин ишине баа берилип, Министрликтин орто мөөнөттүү келечектеги биринчи кезектеги милдеттери талкууланды. 

Коллегиянын жыйынында экономикалык дипломатияны өнүктүрүү, инвестицияларды тартууга көмөктөшүү, ата-мекендик экспортту, туристтик потенциалды илгерилетүү, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жагымдуу тышкы саясий шарттарды түзүү, чет өлкөлөрдө КРнын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча активдүү жана натыйжалуу иштерди улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK