Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Жапониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушту

963

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Жапониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Таро Хонда мырза баштаган жапон парламенттик делегациясы менен жолугушту. Иш-чарага Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки мырза да катышты.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, анын ичинде кыргыз-жапон парламенттер аралык диалогун арттырууга кызыкдар экенин билдиришти. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында расмий парламенттик делегациялар менен алмашуу тууралуу да сөз болду.

Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) жана Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасынын (JDS) алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Ч.Айдарбеков кыргыз-жапон мамилелери бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик делегациялардын иш сапары парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошумча түрткү берерин кошумчалады. «Кыргызстан Жапониянын өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалайт жана мындан ары да жемиштүү кыргыз-жапон кызматташтыгын улантууга кызыкдар. Кыргыз Республикасы менен Жапониянын ортосундагы байланыштарды, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды сактоо жана андан ары өнүктүрүү биз үчүн артыкчылыктуу жана маанилүү багыттардын бири», - деди ал.

Ошондой эле жапон тарапка ар кандай чөйрөлөрдө системалуу жардам көрсөткөндүгү, анын ичинде парламентаризмди өнүктүрүү боюнча консультациялык колдоо жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдиринди.

Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо маселесине токтолуп, комитеттин төрагасы бизнес чөйрөсүнүн, өзгөчө жапон компанияларынын Кыргыз Республикасына инвестицияларын тартуу боюнча чоң потенциалын белгиледи. «Жогорку Кеңеш өз тарабынан ар тараптуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикалык мыйзамдарын өркүндөтүү жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр. Биз жапон тараптын сунуштарына ачыкпыз жана видеоконференцбайланыш форматында Жапониянын парламенти жана бизнес коомчулугу менен кызматташуунун бардык аспектилерин талкуулоого даярбыз», - деп сунуштады Ч.Айдарбеков.

Мындан тышкары, эл өкүлү жер казынасын пайдалануу, энергетика, экологиялык коопсуздук жана альтернативдик энергия булактарын өнүктүрүү жаатында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн кыргыз-жапон жогорку окуу жайын биргелешип ачуу сунушун айтты. Чингиз Айдарбеков мындай мекеменин ачылышы гуманитардык жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө өбөлгө болорун кошумчалады. Комитеттин төрагасы Кыргыз Республикасына адам ресурстарын өнүктүрүү программасынын алкагында көмөкчү репродуктивдүү технологияларды – ЭКОну киргизүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өз кезегинде Жапониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Таро Хонда Кыргыз Республикасы менен Жапониянын ортосундагы мамилелерди жогору баалап, эки тараптуу кызматташуудагы оң жылыштарга кеңири токтолду, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин 30 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча сөз кылды. Жапониянын делегациясынын башчысы айтылган сунуштарды иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK