Японияга кирүү үчүн жаңы иммиграция эрежелери тууралуу

1340

2022-жылдын 1-июнунан тартып Японияга келген жүргүнчүлөр үчүн (чет элдик жана Япониянын жарандары) жаңы иммиграциялык эрежелер киргизилди. Япониянын Министрлер кабинети чет мамлекеттерди үч зонага бөлүү чечимин кабыл алды, булар: «кызыл», «сары» жана «көк».

Кыргыз Республикасы «көк» зонага киргендигине байланыштуу учуп келе жаткан жүргүнчүлөр келээрден 72 саат мурун жасалган терс ПЦР-тести гана талап кылынат.

Кыргыз Республикасында ПЦР-тести мурун-жуткундун же шилекейдин анализинин негизинде жүргүзүү керек. Жалгыз ооздон негизделген тесттин жыйынтыгы кабыл алынбайт. ПЦР-тесттин күбөлүгүндө англис тилинде төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: изилдөө үчүн биоматериал (мурун жуткун же шилекей), жүргүнчүнүн толук аты-жөнү, паспортунун номери, диагностикалык ыкмасы, тесттин жасалган датасы жана убактысы ж.б.

Ошону менен бирге, ПЦР-тестинин япон үлгүсүндөгү сертификатын Кыргыз Республикасында толтурулган лабораториянын мөөрү менен бекитүү зарыл. Орус тилиндеги япон үлгүсүндөгү сертификатын Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин расмий веб-сайтынан же Япониянын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин расмий веб-сайтынан жүктөп алса болот – https://www.mhlw.go.jp/content/000909645.pdf

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK