Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын элчилери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү

1017

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев 2022-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын элчилери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдуктарынын башчылары менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун КР ТИМинин жетекчилер курамы менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча өтүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы тарабынан коюлган жана конкреттештирилген экономикалык дипломатия маселелерин талкууга арналды. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу менен байланышкан жаңы саясий, социалдык-экономикалык чакырыктардын шартында өзгөчө маанилүү экендиги жана аларга жооп кайтаруунун жаңы ыкмаларын издөөнү талап кылгандыгы баса белгиленди. 

Министр Ж.Кулубаев Министрлер Кабинетинин Төрагасына ү.ж. 13-январында ал койгон милдеттердин аткарылыш тууралуу орто аралык отчет берилгендигин билдирди. Иштин натыйжасы экономиканын өнүгүшүнө жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулугуна кошулган реалдуу салым болуп байкалышы керектиги баса белгиленди. 

Министр ошондой эле КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларына экономикалык дипломатиянын негизги багыттары, анын ичинде чет мамлекеттерден инвестиция, технология жана билим тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата-мекендик продукцияны чет мамлекеттердин рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтердин агымын көбөйтүү иштерин жигерлентүү зарыл экендигин маалымдады. Ошону менен бирге, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Тышкы иштер министрлигине азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү жолдорун издөө ишине басым жасоо тууралуу кошумча тапшырма бергендигин Министр баса белгиледи. Ошондой эле текстиль тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны, анын ичинде ичүүчү сууну экспорттоого көмөктөшүү боюнча милдеттер такталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев ошондой эле КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин саясий кызматташтыкты, коопсуздук жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн, ошондой эле чет мамлекетте өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин жигерлентүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда ү.ж. аягында чет өлкөдөгү ар бир мекеменин ишмердүүлүгүнө, биринчи кезекте экономикалык дипломатия жаатындагы ишинин натыйжалуулугун эске алуу менен баа бериле тургандыгы айтылды.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK