Токионун Хамура шаарында «Курманжан Датка» көркөм тасма көрсөтүүсү өттү.

1039

Ушул жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Токионун Хамура шаарында «Курманжан Датка» көркөм тасма көрсөтүүсү өттү. Иш-чара Кыргызстан Хамура достук тобу тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Хамура шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Хамура шаарынын жана Кыргызстандын достук жана ак ниет ыктыярдуу элчиси Мита Ре мырза, Элчиликтин достору, ошондой эле Кыргызстанга кызыгуу көрсөткөн Хамура шаарынын коому катышты.

Элчи М.Арстанбаев өз сөзүндө катышуучуларды Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан жана кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы менен тааныштырып кетти.

Көрсөтүүнүн аягында, Элчи М. Арстанбаев катышуучуларды кызыккан суроолорго жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK