Япониянын Жогорку окуу жайларында билим алууга тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери жана Япониянын эл аралык кызматташуу борбору (JICE) менен видео-конференц байланышуу өттү

719

Ушул жылдын 30-августунда Япониянын Жогорку окуу жайларында билим алууга тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин түзүүгө көмөк көрсөткөн Япониянын эл аралык кызматташуу борбору (JICE) видео-конференц байланышуу өттү.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Э.Атабеков жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоо ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн окуу процессин жана жашашын уюштурууга көмөк көрсөтүп келе жаткан JICE борборуна ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар түрдүү чөйрөлөрүндө маанилүү жана артыкчылыктуу ишмердүүлүк менен алектенген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тандоодон өткөн 18 студенттин жана 2 аспиранттын ишмердүүлүк жана окуу чөйрөсү боюнча пикир алмашуу жана талкуулоо болуп өттү. Ошондой эле Япония тарабы Кыргыз Республикасынын 18 адам кабыл алуу квотасын сактап калуусу да маанилүү болуп саналат.

Элчилик студенттер Япониянын мыйзамдарын, Япониянын жогорку окуу жайларынын жоболорун жана талаптарын сактап аткарууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK