Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Йошикава Юуми менен жолугушту

95

2023-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Йошикава Юуми менен жолугушту.

Ю.Йошикава япон тарабы тынчтыкты жана туруктуулукту колдоо, эл аралык укуктун негизги принциптерин сактоо алкагында Кыргызстандын ролун жогору баалаарын белгиледи.

Элчи Э.Осоев, Кыргызстан Япония менен демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыктын жалпы баалуулуктарын бөлүшүп, аны ар дайым жакын, достук жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары караган. Бул багытта кызматташууну мындан ары жакшыртуу үчүн жетиштүү потенциал бар.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кадрдык потенциалды чыңдоо, инвестиция, IT-чөйрөсү, жашыл трансформация жана башка маселелер талкууланды. Тараптар кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги маселелери боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды жана пикир алмашууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK