Элчи Эркинбек Осоев Япониянын алдыңкы университеттердин бири - Цукуба Университетине зыярат кылып, аталган Университетинин президенти Кесуке Нагата мырза менен жолугушуу өткөрдү

100

2023-жылдын 10-майында Элчи Эркинбек Осоев Япониянын алдыңкы университеттердин бири - Цукуба Университетине зыярат кылып, аталган Университетинин президенти Кесуке Нагата мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын университеттери менен Цукуба университетинин ортосунда академиялык алмашуу жаатындагы тажрыйбаны кеңейтүү жөнүндө талкуулашты.

К. Нагата университеттин ишмердүүлүгү, чет элдик университеттер менен өз ара аракеттешүү, ошондой эле студенттерди кабыл алуу жана алмашуу иштери тууралуу маалымат берди.

Э.Осоев Кыргыз Республикасынын жетекчилигин адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясаты, Япониянын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берип, илимий кызматкерлер менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, анын ичинде айыл чарба, геология, ирригация жана башка чөйрөлөр.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK