Элчи Эркинбек Осоев маданий алмашуу боюнча кыргыз-япон ассоциациясынын төрагасы Л.Тадагава мырза жана "Жибек Жолу" компаниясынын директору К. Нобута мырза менен жолугушуусу болуп өттү

171

2023-жылдын 11-майында Элчи Эркинбек Осоев маданий алмашуу боюнча кыргыз-япон ассоциациясынын төрагасы Л.Тадагава мырза жана "Жибек Жолу" компаниясынын директору К. Нобута мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

К. Нобута компаниянын ишмердүүлүгү, ошондой эле кыргыз балын Японияда жайылтуу пландары тууралуу маалымат берди.

Л.Тадагава ассоциациянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, 17-21-майда Ош шаарында өтө турган 7-чи бүткүл дүйнөлүк эпосторунун фестивалына катышууну пландап жатканын кошумчалады.

Э.Осоев Л. Тадагавага Кыргыз Республикасынын маданиятын жана туризмин жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин Ардак грамотасын тапшырды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын маданий жана туристтик потенциалын, ошондой эле Кыргыз продукциясын Япониянын рыногуна жайылтуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK