КР Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев Япониянын туристтик агенттиктердин ассоциациясын (JATA) президенти Тадаши Шимура мырза менен жолукту
2023-жылдын 19-майында КР Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев Япониянын туристтик агенттиктердин ассоциациясын (JATA) президенти Тадаши Шимура мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Э.Осоев менен Т. Шимура Кыргыз Республикасы 2023-жылдын 26-29-октябрында Осака шаарында өтө турган «Tourism EXPO 2023» катышуу маселеси боюнча ой-пикир алмашуу жүргүздү.
Т. Шимура Борбордук Азия павильону өзүнүн жасалуусу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тарыхы, маданияты жана каада-салттары жөнүндө маалымдуулугу менен келүүчүлөрдүн арасында өзгөчө кызыгууну жаратаарын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча маалымат алмашууну макулдашышты.