Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдун Япониянын тышкы соода уюмунун вице-президенти Наоюки Маекава менен жолугушуусу жөнүндө

60

    2024-жылдын 31-январында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев менен Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) вице-президенти Наоюки Маекава мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү чөйрөсүндө кызматташуу динамикасынын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти жана төмөнкү маселелер талкууланды:

- Кыргыз Республикасынын JETRO менен кызматташтыгы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагындагы 2023-жылдын 20-ноябрында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башчысы Норихико Исигуро мырза менен жолугушуусунун жыйынтыктары;

- Кыргыз Республикасынын япон компаниялары менен инвестициялык жана технологиялык кызматташтыгын кеңейтүү, кичи жана орто бизнес үчүн япон жабдууларын/технологияларын Кыргыз Республикасынын рыногуна тартууга көмөктөшүү (көргөзмөлөрдү, форумдарды ж.б. уюштуруу);

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү тармактарында биргелешкен кыргыз-япон ишканаларын түзүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду алдыга жылдыруу.

     Мындан тышкары, жолугушууда элчи Эркинбек Осоев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан JETRO компаниясынын башчысы Норихико Исигурого Бишкек шаарында JETRO кеңсесин ачуу боюнча мурда айтылган сунушту колдоону суранды.

    JETROнун вице-президенти Наоюки Маекава JETRO компаниясынын ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары тууралуу кыскача маалымат берип, жогоруда айтылган кыргыз тараптын сунушу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкекте JETRO кеңсесинин ачылышы JETROнун эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасындагы изилдөөлөр аркылуу изилденип жатканын кошумчалады.

    Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти менен JETROнун башчысынын жогорудагы жолугушуусунун жыйынтыктары кыргыз-япон бизнес кызматташтыгынын алкагында түрдүү программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишеним артырышты жана эки тараптуу өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

  • 2024-жылдын 31-январында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев менен Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) вице-президенти Наоюки Маекава мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK