окио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолугушуусу жөнүндө

4613

2019-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Токио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тюо атайын району менен экономика жаатындагы жана маданий гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективалары талкууланды.Т.Ямамото, Тюо-кунун Мэриясы, чет өлкөлүк коноктор жана Токионун дипломатиялык корпусунун катышуусу менен, ар түрдүү маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп тураарын билдирип, Элчиликти аларга жигердүү түрдө катышууга чакырды. М.Арстанбаев,мындай иш-чараларга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирүү менен бирге, Кыргыз Республикасынын Элчилиги да, Токионун атайын райондорунда бизнес-форумдар, лекциялар, концерттерди өткөрүп келээрин белгиледи. Андыктан ал, Тюо-куда да, кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин тереңдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн актууалдуулугун баса белгиледи.

Тараптар, бирглешкен иштерди аныктоо максатында консультацияларды улантууну макулдашышты. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK