Элчи М.Е. Арстанбаевдин Кочи префектурасына иш-сапары

4344

2019-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Кочи префектурасынын Губернатору Масанао Озаки менен жолугушту. Тараптар кызматташтыктын учурдагы абалына канааттануусун билдирүү менен бирге, аны мындан ары кеңейтүү манилүү экендигин белгилешти.

 

Элчи М.Арстанбаев Кыргыз Республикасын Японияда таанытууга багытталган ар түрдүү биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Алардын башаты катары, Токио Олимпиада оюндарынын алдында, Кочинин аймагында кыргыз күрөшчүлөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүүнүн перспективдүүлүгү белгиленди.

 

Япон тарабы кыргыз медиктери Кочи префектурасындагы клиникаларда стажировкага келип жатышканын билдирди. Губернатор М.Озаки биздин тараптар бул багыттагы кызматташтыкты кеңейте алышмак, деген оюн айтты.

 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын улуттук аялдар күрөшчүлөр тобун тосуп алып, аларга Японияга келгенден кийинки бүткүл шарттарды түзүп берүүгө даярдыгын билдирди.

 

 

Бул күнү М.Арстанбаев, Кочи префектурасы бүткүл япониялык деңгээлдеги күрөшчүлөрдү даярдаган «Kochi East High School» колледжине сапар жасады. Элчи, аталган колледждеги, кыргыз күрөшчүлөрүнүн машыгуусу пландаштырылган, спорттук объектисинин шарттары менен таанышып чыкты. Колледждин башкармалыгы бул объект эл аралык стандартта курулгандыгын маалымдап, кыргызстандык спортчуларды тосуп алууга толук даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, япон тарабы алдыдагы иш-чарага Япониянын алдыңкы машыктыруучуларын чакырууну пландаштырып жаткандыгын кабарлады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK