Элчи М.Е. Арстанбаевдин Oкинава префектурасына иш-сапары

3184

2019-жылдын 7-9-августунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Окинава префектурасына иш-сапар жасады. Анын жүрүшүндө префектуранын Губернатору Денни Тамаки, Наха шаарынын мэри Микико Сирома, Кюсю-Окинава аймактык иммиграциялык бюросунун башкы директору Хироши Кимизуки, Наха шаары боюнча иммиграциялык бюросунун Директору Мисима Нобухико, Окинаванын конвенциялар жана меймандар боюнча бюросунун Төрагасы жана префектуралык администрациянын туризм департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле «Loisir Hotels Okinawa Co., Ltd» жана «The Terrace Hotels» компанияларынын (бул компанияларга таандык мейманканаларда кыргыз жарандары иштейт) жетекчилиги менен жолугушуулар өттү. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө япон тарабы, бүгүнкү күндө, туристтердин саны жылына 10 миллион кишини түзүп жаткандыгын, ал эми жергиликтүү калктын саны 1,4 миллион гана киши экендигин билдирди. Ушуга байланыштуу, тейлөө чөйрөсү жумушчулардын жетишсиздигине дуушар болууда. Япон тарабы кыргыз бийликтеринен жумушчу ресурстарды көбүрөөк даярдап, жөнөтүү боюнча иш алып барууну өтүндү. Элчи М.Арстанбаев Кыргызстандын демографиялык абалы, калктын сабаттуулугунун деңгээли, кесиптик жана жогорку окуу жайларынын мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Японияда иштөө үчүн кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана тийиштүү ведомстволору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана жакынкы келечеги жөнүндө да кеп курулду. Бир катар демилгелерди көтөрүү менен бирге, Элчи префектуранын жетекчилигин Кыргыз Республикасына чакырып, анын жүрүшүндө жергиликтүү бийликтер, окуу жайлар жана ишкерелер менен жолугушууларды уюштуруп берүүгө Элчилик даяр экендигин билдирди.

2019-жылдын 8-августунда Окинава префектурасында турган Кыргыз Республикасынын жарандарына, консулдук каттоону, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органадары тарабынан берилген документтерди легализациялоо жана ар кандай консулдук маселелер боюнча кеңеш берүүнү камтыган, консулдук кызматтар көрсөтүлдү.

Ушул эле күндүн кечинде Элчи М.Арстанбаев, кыргыз жумушчуларын Японияда жумушка кабыл алууну уюштуруучу «Relationship» компаниясы тарабынан өткөрүлгөн, кыргыз жарандарына арналган аземге катышты. 2019-жылдын 9-августунда Элчи М.Арстанбаев аталган компания Кыргызстандан келген жумушчулар үчүн куруп берген жатакананы көрүп чыкты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK