Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

2936

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны  Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.   

Төрага Дастанбек Жумабеков Элчи Ёсихиро Ямамурага кыргыз-жапон кызматташтыгынын өнүгүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан Япония менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, акыркы жылдары экономикалык багыттагы байланыштарда жигердүүлүк байкалганын кошумчалады. Алсак, Ёсихиро Ямамура Элчилик кылып турган мезгил аралыгында жалпы көлөмү 10 миллиарддан ашуун жапон йенин түзгөн гранттык долбоорлорго кол коюлган. Мындан тышкары Төрага 2017-жылдары Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын жакшыртууга багытталган эки өлкөнүн кызматташтыгы жемиштүү жүргүзүлгөнүнө токтолду.   

Ошондой эле Элчи Ёсихиро Ямамура парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө да өз салымын кошконун айткан Төрага, Кыргыз Республикасы менен кызматташуу боюнча Жапониянын парламенттик достук лигасынын делегациясы 2018-жылы Бишкекке иш сапар менен келгенин мисал кылды.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында I кыргыз-япон парламенттер аралык форуму өтүп, бул жааттагы алакалардын мүмкүнчүлүктөрү менен артыкчылыктуу багыттары талкууланган. Ал эми 2019-ж. 29-сентябрында депутат Талайбек Масабиров баштаган Жогорку Кеңештеги депутаттык достук тобунун мүчөлөрү иш сапар менен Японияга барат. Ага ылайык, Дастанбек Жумабеков мерчемделген иш сапар кызматташтыкты жаңы багытта өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенерин билдирди.  

Өз кезегинде Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамура жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, мындан ары да эки өлкөнүн байланыштары өнүгө берерине үмүр артарын кошумчалады.  

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Элчи Ёсихиро Ямамурага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK