КР ТИМ Башчысы Япониядагы Саясий изилдөөлөрдүн Академиялык институтунун Ректору менен жолугушту

4450

2019-жылдын 24-октябрында  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Саясий изилдөөлөрдүн Академиялык институтунун (ГРИПС) ректору Акихико Танака менен жолугушту. 

Министр ГРИПС менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташууну жөнгө салуунун, биргелешкен изилдөөлөрдү уюштуруунун актуалдуулугун белгиледи. Япония тарабы кызыкдар болгон учурда, кыргыз тарабы алардын окумуштууларынын жана студенттеринин изилдөөлөрүн өткөрүү үчүн аянтча бөлүп берүүгө даяр экендигине ишендирди.  

ГРИПСтин ректору Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун бири менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана алдыдагы кызматташтыктын келечеги тууралуу предметтүү консультацияларды улантууга кызыкдарлыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK