Министр Ч.Айдарбеков «Шинкиокушинкай» Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти К.Мидори менен жолугушту

4314

2019-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Шинкиокушинкай» Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти  Кенджи Мидори мырза менен жолугушту. 

Тараптар Кыргызстанда каратэни популяризациялоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. 

Япон тарабы бул максатта Кыргыз Республикасында биргелешкен машыгуулар, чемпионаттар ж.б. ушул сыяктуу бир катар иш-чараларды уюштуруу актуалдуу болмок деген пикирин билдирди.

Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын кызыкдар түзүмдөрү менен биргеликте бул маселени иштеп чыгууга даярдыгын билдирди. 

Тараптар талкууланган маселелер боюнча консультацияларды улантууга макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK