Парламетке шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ планшеттерди пайдалануу Кыргызстандын УШКсынын ишин жеңилдетет

2567

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламентке шайлоолорду ѳткѳрүү күнү Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) менен участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашууну  жакшыртуу максатында БУУ Өнүктүрүү программасы БШКга 2550 планшет берди.

Техникалык жардам Япониянын ѳкмѳтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан «2020-2021-ж. Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо»  боюнча ПРООНдун программасынын алкагында берилген.

Шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ, ошондой эле добуш берген күнү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү планшеттердин жардамы менен талаш жана чыр-чатактуу кырдаалдардан качуу максатында процедуралык маселелер боюнча БШКга ыкчам кайрыла алышат.  УШК мүчѳлѳрү ошондой эле планшеттерге түшүрүлгѳн ченемдик укуктук актыларды жана жоболорду жетекчиликке алуу менен укуктук бузуулар жѳнүндѳ БШКга ыкчам маалымдай алышат. Планшеттердеги жабдууларды пайдалануу жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча нускамаларга ылайык добуш берген күнү УШК мүчѳлѳрүнүн планшеттерди пайдалануусу шайлоолорду ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ ар кандай мүчүлүштѳрдү болтурбоого жарадам берет.

БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова белгилегендей, «Планшеттерди пайдалануу кыйла деңгээлде участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетип, БШК менен УШКнын ортосунда маалыматтарды алмашууну ыкчамдатары талашсыз. Мындан тышкары, пандемиядан улам участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү үчүн контактык окуу мүмкүнчүлүгү жок болгондугунан улам, УШКларды онлайн окутуу ѳткѳрүлүүдѳ. БШК ПРООН менен биргеликте УШК бүгүнкү күндѳ пайдаланып жаткан санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин эске алуу менен шайлоо процессинин бардык этаптары боюнча окутуучу фильмди даярдаган. Ал эми добуш берген күнү видео шайлоочуларга да пайдалуу, анткени добуш берүү жол-жоболору демонстрацияланат. Окутуучу видеону кѳрсѳтүү үчүн участкалык шайлоо комиссияларына мониторлор да берилет.»

Планшеттер менен  мониторлор Кыргызстандын аймагындагы бардык  2420 шайлоо участкаларына жеткирилиет. 4-октябрда парламеттик шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ планшеттер участкалык шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрүн окутуу үчүн пайдаланылат, анткени окутуу роликтери, атайын программалар жана тиркемелер түрүндѳ  шайлоонун жол-жоболору тууралуу бардык керектүү маалыматтар планшеттерге түшүрүлѳт.

2020-2021-жылдарда КР шайлоолорду колдоо программасы Япониянын, Германиянын, Швейцариянын финансылык колдоосунда КР БШК менен кызматташтыкта Кыргызстандагы ПРООН тарабынан жүзѳгѳ ашырылууда.

Прогамма технологияларды колдонуу менен 2020-2021-жылдарда жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын потенциалын жогорулатууга  жардам кѳрсѳтүүгѳ багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK