Жогорку Кеңештин депутаттары Ашхабад шаарында өткөн парламенттер аралык форумдун алкагында уюштурулган пленардык отурумдарга катышты

1335

Бугун, 2022 – жылдын 13 – майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттери менен Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумунун алкагында уюштурулган пленардык отурумдарга катышты.

Тагыраагы, “Мамлекеттик башкаруудагы мыйзам чыгаруу органы: заманбап тажрыйба жана кызматташтык” аталышындагы пленардык отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев баяндама жасап, аталган темада ой бөлүштү. 

Ал эми депутат Миргүл Темирбаеванын жетекчилиги менен өткөн “Медициналык дипломатия: тажрыйба алмашуу – алдыга карай ишенимдүү жол” аталышындагы пленардык отурумда саламаттыкты сактоо жаатындагы баяндамалар жасалды.

Ошондой эле депутат Алишер Козуев “Экологиялык бакубаттуулук жана туруктуу өнүгүү үчүн аймактык кызматташтык” аталышындагы пленардык отурумга катышып, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы пикирин билдирди. 

Белгилей кетсек, Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Ашхабад шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттери менен Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышууда. Форумдун алкагында парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланып, муну менен артыкчылыктуу багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сөз болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK