КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин Улуттук Ассамблеясынын Өкүлдөр Кеңешинин Төрагасы Фавзия Абдулла Юсуф Зайнал айым менен жолугушту

1517

2022-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында Манама шаарында Бахрейн Падышалыгынын Улуттук Ассамблеясынын Өкүлдөр Кеңешинин (Парламенти) Төрагасы Фавзия Абдулла Юсуф Зайнал айым менен жолугушуу өткөрүп, ага Бахрейн Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана коргоо боюнча Комитетинин жетекчиси жана мүчөлөрү да катышышты.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана парламенттик достук топторунун деңгээлинде үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришип, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын Бахрейн Падышалыгы менен түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө жана эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча саясий диалогду улантууга, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Тараптар туризм тармагын өнүктүрүү жана эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты. Ошону менен бирге Ж.Кулубаев КРнын Президенти тарабынан өлкөнү өнүктүрүү, инвестицияларды жана туристтерди тартуу, ошондой эле алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, анын айкын мисалы катары Бахрейн жарандары үчүн 60 күнгө чейин киргизилген визасыз режимин белгиледи.

Ошондой эле Ж.Кулубаев, КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Ф.Зайнал айымды КРга каалаган учурда келип кетүүгө чакыргандыгын белгилеп, КРнын ТИМине сапардын ыңгайлуу болгон мөөнөттөрүн маалымдап коюуну өтүндү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK