Кыргызстандын Түркмөнстандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев менен жолугушту

112

2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы транспорттук-транзиттик чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты жана бул жаатта өз ара аракеттенүүнүн өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилешти. Буга байланыштуу бул багыттагы мыйзамдык базаны өркүндөтүп, учурдун талабына шайкеш келтирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

М.Чакыев Кыргызстандан транзиттик жүк агымынын көбөйгөнүн канааттануу менен белгилеп, биргелешкен иштерди активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, бул багытта кызматташтыкты кеңейтүүгө жана зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Элчи А.Мадмаров Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Россия мультимодалдык каттамын тез арада ишке киргизүү, жаңы транспорттук коридорлорду жана товарларды жеткирүүнүн логистикалык чынжырчаларын түзүү боюнча өлкөлөр ортосундагы активдүү кызматташуунун зарылдыгына маектешинин көңүлүн бурду. Мындан тышкары, Элчи Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын жүк ташуучулары үчүн айдоочулук визалардын баасын азайтуу жана мөөнөтүн көбөйтүү, ошондой эле бул категориядагы визаны алуу үчүн документтерди кароо убактысын кыскартуу жагынан жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар транспорттук-транзиттик чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даярдыгын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK