Кыргызстандын Түркмөнстандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Төрагасы Довран Худайбердыев менен жолугушту

110

Ү.ж. 23-майында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (ТƟИС) Төрагасы Довран Худайбердыев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар болгон потенциалды пайдалануу менен кыргыз-түркмөн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү келечегин, экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташуунун темпин жана көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.

Элчи А.Мадмаров маектешинин көңүлүн биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча тараптардын макулдашууларына жана аларды иш жүзүндө ишке ашыруунун зарылдыгына, ошондой эле ар кайсы тармактын өкүлдөрү кирген Кыргызстандын ишкерлери үчүн жакынкы арада Түркмөнстанга пландаштырылып жаткан бизнес-миссиясына бурду.

Өз кезегинде Д.Худайбердыев Элчиге Союздун ишмердүүлүгү жана Түркмөнстандын ишкерлери тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошол эле учурда Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташуунун позитивдүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, ТƟИС жетекчиси эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даярдыгын жана буга ар тараптуу салым кошуу ниетин билдирди.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK