Элчи А.Мадмаров Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы М.Гурдов менен жолугушту

105

Ү.ж. 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын (ТСƟП) жакында дайындалган Төрагасы Мерген Гурдов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, өз ара экспортту жогорулатуу үчүн болгон потенциалды пайдалануу маселелерин, ошондой эле экономикалык чөйрөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу өз ара маалымдоону активдештирүү зарылдыгын талкуулашты.

Элчи А.Мадмаров товардык номенклатураны жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн форматын кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн күчөтүү, жана анын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи. Ошондой эле, Элчи Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палаталарынын активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, жакын арада боло турган “Кыргызстан ЭКСПО -2023” Эл аралык универсалдуу көргөзмөсү тууралуу маалымат берип, түркмөн тарапты ага катышууга чакырды.

Өз кезегинде М.Гурдов биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, экономиканын ар кандай тармактарынан 17 кыргызстандык компаниялардын жана 40 түркмөн ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда ТСƟП өткөрүлгөн тегерек столун канааттануу менен белгиледи. ТСƟП Төрагасы эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү илгерилетүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды колдоого даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK