Элчи А.Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы А.Сазаков менен жолугушту

115

Ү.ж. 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Аманмухаммет Сазаков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы виза маселелери жана миграция жаатында кызматташууну жакшыртуу, ошондой эле бул багыттар боюнча тиешелүү мыйзамдык базаны даярдоо боюнча пикир алмашышты. Ошону менен бирге бул багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүү ниети баса белгиленди.

Транспорттук-транзиттик чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, атап айтканда Кыргызстан менен Түркмөнстандын аймактары аркылуу өтүүчү мультимодальдык транспорттук коридорлорду пайдалануу боюнча мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн активдештирүүсүн эске алуу менен А.Мадмаров жүк ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу, Элчи айдоочулук визаларга байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде А.Сазаков Элчинин пикирине кошулуп, биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы визалык маселелер жана миграция жаатындагы өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга, ошондой эле жалпы кызыкчылык туудурган маселелер боюнча өз ара жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK