КР Түркмөнстандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик товардык-сырьелук биржасынын төрагасы Батыр Волсахатов менен жолугушту

122

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик товардык-сырьелук биржасынын төрагасы Батыр Волсахатов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн оң динамикасына канааттангандыгын билдиришип, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи А.Мадмаров кыргыз тараптын соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана ишкердик байланыштарды түзүү үчүн эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Б.Волсахатов биргелешкен ишти активдештирүүгө даяр экендигин ырастоо менен бирге, Түркмөнстандын Мамлекеттик товардык-сырьелук биржасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз ишкерлерин биржа соодасына катышууга чакырды.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга умтула тургандыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK