Маданий-гуманитардык кызматташтык

Эки мамлекеттин маданий-гуманитардык кызматташуусу туруктуу жаатында өнүгүүдө.

12-15-май 2015-ж. 56-эл аралык дипломатиялык ««International Spring Fair and Food Festival» аттуу көргөзмө-жарманкеси Александра Кенттик принцессасынын колдоосу алдында болуп өттү, бул иш-чарага Кыргыз кол өнөрчү Айдай Чогунбаева жана зергер Гүлсара Акматова-Дэвис катышышты.

2015-ж. 6-ноябрында 4-эл аралык «Ачык Евразия жана Борбордук Азия» китеп жана адабият майрамынын алкагында Кыргыз эл жазуучусу K.Акматовды эскерүү кечеси уюштурулду.

2015-ж. 7-ноябрында Бишкектеги Кыргыз драма театры британдык «Глобус» театрынын бүткүл дүйнөлүк Globe to Globe аттуу турнесине арнап «Гамлет» пьесасын койгон.

2016-ж. мартында КРсынын УБдагы Элчилиги Кембридж университиндеги жана Лондондук университеттик колледждеги эл аралык Ноорузга арналган «Борбордук-Азиялык жазгы майрам – 2016» иш-чараларына катышты. Анын ичинде кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуттук каада-салттарды чагылдырган сүрөт көргөзмө жана элдик көркөм буюмдардын көргөзмөсү, жаратылышы жана кооз жерлери тууралуу материалдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылган көргөзмөсү тартууланды.

Үстүбүздөгү 2018-ж. мартында да бул адат-салтка айланган Кембридж жана Лондон шаарларындагы Нооруз жазгы фестивалдарда, КРсынын УБдагы Элчилиги 2018-жылдагы Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле улуу жазуучубуз Ч.Т.Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган видео жана сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп өткөрдү. Аталган фестивалдардын келип-көрүүчүлөрүнө кыргыз элинин улуттук буюмдары жана КРсынын туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тартууланды.

2016-ж. майында КРсынын УБдагы Элчилиги Лондондогу биринчи кыргыз-британдык инвестициялык форумун өткөрүү алкагында КРсынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошону менен бирге Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тартуулап, көрсөттү. А.Омурзаковдун «Тумар» бий тобуна «Британия таланттарды издейт» аттуу Лондондогу теле-конкурсунун жыйынтыктоочу мелдешине ийгиликтүү катышуусуна көмөк көрсөтүлдү.

2016-ж. 17-октябрында Лондондо «Тянь-Шаньдан Лондонго: Кыргызстанды өзүң үчүн ач» деген иш-чара болгон.

2016-ж. 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана Кыргызстандын тарыхы жана маданияты жылына арналган Кембридж университетинде «Өткөн мезгилдин саптары жана келечектин күүлөрү: Кыргыздын тарыхы» («Rhythms of the Past and Tunes for the Future: A Kyrgyz Epic») аттуу илимий симпозиуму болуп өттү.

Белгилеп кетчү нерсе, ошол Кембриджде болуп өткөн илимий симпозиумунун жыйынтыгынын негизинде британдык, кыргыз жана башка окумуштуулардын макалаларын камтыган жыйнак Кембридж университетинде даярдалып, басылып чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Кембридж университетинин Борбордук Азия Форуму менен бирдикте 2018-ж. 14-августунда Бишкек шаарында аталган “Making the Kyrgyz” (“Кыргыздардын түптөлүп-өнүгүшү”) аттуу Кембридж университетинде басып чыгарылган чыгармалар жыйнагынын бетачаарын өткөрүштү.

2016-ж. 7-ноябрында УБдагы КРсынын Элчилиги кыргыз туризмди алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү максатында «Кыргызстан - Азиянын жүрөгү» аттуу презентациясын Кыргызстандан келген 6 туристтик компаниялардын катышуусун уюштуруп өткөрдү.

2017-ж. КРсынын УБдагы Элчилиги УБда болуп өткөн маданият жана туризм тармагындагы ар-кандай 9 иш-чараларга катышып, аларда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган түрлүү буклеттер жана китепчелерди таратып, тартуулады. Британиянын Кыргызстандагы болуп өткөн биринчи соода миссиясына эки британдык туристтик компаниянын катышуусуна көмөк көрсөтүлдү.

Билим берүү багытындагы кызматташтык алкагында, УБнын ар кандай шаарларында Британдык Кенешинин «Чивнинг» программасы менен КРсынан жети студент окуп билим алып атышат.